Биз менен байланышыңыз

Акыркы үч айда бишкектиктер канча саат тыгында болушту?

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 178 | 0

Быйыл июль айынан сентябрга чейин Бишкек шаарынын тургундары 777 саат тыгында болушкан. Мындай статистиканы 2GIS компаниясы чыгарды.

Маалыматка караганда, июль айында 197 саат, августта 256 саат, сентябрь ичинде 324 саат убакытты тыгында туруп өткөргөн.

Белгилей кетсек, июль айында унаа тыгыны орто эсеп менен 4 баллдан 6 баллга чейин өзгөргөн, август жана сентябрь айларында тыгындар 9 баллга жеткен.

Маалыматтар жол тыгыны 6 балл же андан көп болгон убакыттарды кошуу менен эсептелген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM