Биз менен байланышыңыз

«Тай-Мураска рахмат айтышыбыз керек». Президент иликтөө боюнча пикирин айтты

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 180 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине 2-октябрда курган маегинде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолдун курулушу үчүн инвестор тапканын айтып, ага ыраазычылык билдирди.

Президент журналист Болот Темировдун иликтөөсү тууралуу суроолорго жооп берди.

«Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да» , — деди өлкө башчы.

Учурда Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол салынууда. Буга чейин Kaktus.media бул долбоорго эки компания — «Тез Жол» жана «Жагалмай» ЖЧКсынын тең негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев катышып жатканын жазган.

Өлкө башчы Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолду жеке менчик жактарга бергенге даяр экенин белгиледи. Алар:

Суусамыр – Арал Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 чакырым,

Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 чакырым,

Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 чакырым,

Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 чакырым,

Ош шаарынын айланма жолу – 35 чакырым, Ноокатта 12 чакырым жол.

Ал эми уулу Рустам Жапаров инвестор тартуу менен алек экенин, Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жатканын айтты. Бул аянт Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы болот.

Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга футбол аянтчасын курдуруп жатканын, алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбай турганын кошумчалады.

«Мурда президенттердин балдары качан жардам берчү эле. Тескерисинче, «келе» дешчү эмес беле, чынбы? Эң негизгиси мамлекетке зыян келтиришпесе болду. Жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт.

Инвесторлор менен иштеп жатышат. Мен дайыма баарына»балдар, инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот, деп айтып турам» , — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM