Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кыргызстанда 5-6 долларлык миллиардер, 200 миллионер бар экенин айтты

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 223 | 0

Кыргызстанда доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионер бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине 2-октябрда курган маегинде айтты.

Алардын көпчүлүгү акчасын офшорлордо сакташарын, бирок бүгүнкү күнгө чейин каражатын өлкөгө толук алып кирише электигин, айрымдары алып келип, курулуш тармагына салып жатышканын билдирди.

Садыр Жапаров миллионерлерди өлкөгө акча алып келүү жана ар кандай долбоорлорго инвестиция салууда активдүү болууга чакырды.

«Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин» , — деди өлкө башчы.

Copyright © 2017 Maral FM