Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 107 | 0

Жогорку Кеңештин 2-октябрдагы жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди. Ал №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Сузак шайлоо округунан депутат Тазабек Икрамов быйыл июлда мандатын тапшырган. Буга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кылычбаев 22-сентябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 10 174 добуш (48,32%) алып, жеңген.

Алтынбек Кылычбаев 47 жашта. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата журт” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM