Биз менен байланышыңыз

Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМКнын кызматкерлери жазаланды

Кыска кабар | 1 Окт 2024 | 148 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет өз кызматкерлерине карата көрүлгөн тартиптик чаралар жөнүндө маалымат берди.

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында, айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Атайын кызматтын төрагасынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери аныкталып, алардын экөөсү сөгүш, үчөө катуу сөгүш алды, дагы экөө жумушун толук аткарбагандыгы үчүн жазаланды.

Бул чаралар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынгандыгы айтылды. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Президент айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупция, «Унаанын» жетекчисинин кармалышы тууралуу айтты

Copyright © 2017 Maral FM