Биз менен байланышыңыз

«Ыйман» фонду: Муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары таратылат

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 204 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Эртең, 1-октябрда саат 10:00дө Бишкектеги «Спорт» сарайында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын таратуу боюнча кайрымдуулук акциясы башталат. Акция 10-октябрга чейин уланарын «Ыйман» фондунан кабарлашты.

Азык-түлүк баштыгында ун, өсүмдүк майы, макарон, гречка, күрүч, шекер, томат пастасы жана туз кирет. Бир баштыктын жалпы салмагы 48 кг түзөт, жалпысынан 8000 азык-түлүк баштыгы таратылат.

Кайрымдуулук иш-чаранын максаты – эң муктаж жарандарды колдоо жана коомчулуктун көңүлүн кайрымдуулук жасоонун маанилүүлүгүнө буруу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM