Биз менен байланышыңыз

Тоң райондук сотунун төрагасы опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 107 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдиргендей, 27-сентябрда 3000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы кармалды.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, судья акча каражатын өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары, калган 500  долларды ортомчудан алынган», — деп айтылат маалыматта.

28-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM