Биз менен байланышыңыз

Бишкектин түндүк тарабында таза суу убактылуу өчүрүлөт

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 104 | 0

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкексууканал» ишканасы «Түндүк» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу 1-октябрда борбор калаанын бир катар аймагында суу өчүрүлөт.

1-октябрда саат 9:00дөн 2:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрүндө, Ала-Арча дарыясында, Жибек Жолу проспектисинде, Жаш Гвардия бульварында, БЧКда жана Саадаев көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат.

Мындан тышкары, “Красный строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын-Бешик” жана “Салам-Алик” конуштарында да суу болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM