Connect with us

Судандын аймагында Кыргызстанда катталган каргонун учагы атып түшүрүлдү

Кыска кабар | 22 Окт 2024 | 258 | 0

Судандын ыкчам кыймыл күчтөрү өлкөнүн батышында жүк ташуучу учактын атып түшүрүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, БАЭден келген FZC Airline Transport Incorporation компаниясынын Ил-76 учагы атып түшүрүлгөн.

Кулатылган учак FZC Airline Transport Incorporation компаниясына таандык болгон. Анын штаб-квартирасы БАЭнин Шарджа шаарында жайгашкан. Sudanwarmonitor басылмасында авиакомпания БАЭ менен гана эмес, Кыргызстан менен да байланышта. Экипаждын биринин төш белгисинде, басылма белгилегендей, «Манас эл аралык аэропорту» деп жазылган.

Sudanwarmonitor басылмасы экипаж мүчөлөрүнүн биринде орус паспорту болгонун жарыялады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган Conflict Observatory изилдөө консорциумунун акыркы иликтөөсүнө ылайык, дагы бир сынык Чад өлкөсүнүн чыгышында аба транспорту менен алектенген New Way Cargo Airlines компаниясына таандык болгон.

Conflict Observatory Бириккен Араб Эмираттарынан жүк ташууга катыштыгы бар деп, бир нече кыргызстандык учактарды, анын ичинде Нью-Вэй Карго авиакомпаниясы башкарган эки учакты аныктады.

Кыргызстанда New Way Cargo авиакомпаниясы катталган. Жүк ташуу үчүн аба операторунун сертификаты 2025-жылдын 16-июнуна чейин жарактуу.

Авиакомпаниянын Бишкектеги кеңсеси мындай учак авиакомпания тарабынан 2024-жылдын февралына чейин ижарага алынганын билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM