Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын вице-президенти болду

Кыска кабар , Спорт | 22 Окт 2024 | 76 | 0

Балбан Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болду. Мындай чечим 21-октябрда аталган федерациянын кезексиз шайлоо конференциясынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Айсулуу Тыныбекова федерациянын түзүмүндө болуп, кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошол эле учурда келечекте спорттук карьерасын улантуу ниети бар экенин белгиледи.

Динара Исаева 2014-жылдан бери аялдар күрөшү боюнча вице-президенттик кызматты аркалап келген.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн үч жолку Азиянын алты жылкы чемпиону.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM