Connect with us

Кара-Суу темир жол бекетинин 242 млн сомго баалаган жер тилкеси мамлекеттин карамагына өттү

Кыска кабар | 19 Окт 2024 | 248 | 0

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын Кара-Суу бекетиндеги 242 млн 50 миң сомго бааланган жер тилке мамлекеттик менчикке кабыл алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан.  Ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелерине бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу жана укук тастыктоочу документтери жок экени аныкталган.

Аталган мыйзам бузуучулуктарга карата “Кыргыз темир жолу” МИ түштүк бөлүмүнүн башчысынын наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгында 242 млн 50 миң сомго бааланган, жалпы аянты 10 443,5 м2 түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине каттоого алынды.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM