Биз менен байланышыңыз

БУУда Жапаров «жашыл экономикага» карыз алмашуу механизмин күчөтүүнү айтты

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 85 | 0

Азыркы учурда планетанын жашоосуна коркунуч келтирген эң кооптуу чакырыктардын бири болуп климаттын өзгөрүшү саналат, ал күн сайын тездеп, дээрлик бардык өлкөлөрдү жана элди камтып келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

«Мөңгүлөрдүн тез эриши, табигый катаклизмдердин көбөйүшү жана тоолуу экосистемалардагы суу ресурстарынын азайышы терең тынчсызданууну жаратууда. Бул терс кесепеттер жергиликтүү жамааттардын жашоосуна коркунуч туудурат, жакырчылыктын деңгээлинин жогорулашына, инфраструктуранын абалынын начарлашына жана өлкөлөрдүн экономикасына олуттуу зыян келтирет.

Кыргызстан үч эсе чакырык алдында турат – бул өнүгүүгө инвестиция салуу, жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо муктаждыгы менен көмүртек нейтралдуулугуна жетүү.

Бул багыттардын ар бири биздин өлкө жана аялуу жамааттар үчүн климаттык туруктуулукту камсыз кылуу контекстинде өзгөчө каржылоону талап кылат.

Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иш алып барып, ийгиликке жетүүгө бекем ниеттенип жатабыз», — деди президент.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан «жашыл экономикага» карыз алмашуу механизмин күчөтүп жана бардык жерде жайылтууну сунуштады. Ал бул аркылуу өнүгүп келе жаткан жана азыраак өнүккөн өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам болот деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM