Биз менен байланышыңыз

Бишкектин четинде жаңы «Ош базарынын» курулушу башталды

Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 115 | 0

Бишкекке жакын жакта жаңы «Ош базарынын» курулушу башталды. Бул тууралуу курулуш координатору Бакыт Ургалиев “Кабар” улуттук агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, «Ош базары» үчүн жалпысынан 59 гектар аянт бөлүнгөн. Бул жайда эки жана төрт кабаттуу 9 имарат курулуп, анда ишкерлер үчүн соода жайлары, спорт залдар, мечит, медициналык борборлор жана башка инфраструктуралар жабдылат.

Мындан тышкары ар бир имаратта муздаткыч, кампалар жана экиден жүк ташуучу лифт болот.

Сатып алуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн 12 гектар аянтка унаа токтотуучу жай курулат.

Учурда «Ордо курулуш» подряддык уюмунун 140ка жакын жумушчусу, долбоорлоочулары жана инженерлери пайдубалды бекемдеп, бетондоп жатышканы белгилүү болду.

Буга чейин «Ордо курулуш» компаниясы “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын имаратын курган.

Жаңы «Ош базарын» ишке киргизүү 2025-жылдын октябрына пландаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM