Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жасалма интеллекти боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт

Кыска кабар | 23 Сен 2024 | 107 | 0

9-10-октябрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Саммит жасалма интеллекти боюнча өтөт.

Эки күндүк инновациялык иш-чарада түрк тилдүү мамлекеттердин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынн өкүлдөрү, Жасалма интеллекти боюнча алдыңкы серепчилери, бизнес коомчулук, илимий чөйрө жана IT коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Саммитте жасалма интеллекти боюнча жаңы жетишкендиктер, тажрыйба алмашуулар жана жасалма интеллектини мамлекеттик башкарууда, бизнесте, социалдык демилгелерге киргизүүдөгү жаңылыктар талкууланат.

Быйыл июлда Азербайжанда Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммити өткөн.

Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия кирет. Байкоочу өлкө катары Венгрия жана Түркмөнстан бар.

Copyright © 2017 Maral FM