Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жолукту.
Сапардын алкагында кыргыз-мажар Стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү.
Жолугушуунун алкагында саясий, экономикалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык багыттарда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Петер Сийярто Кыргызстан Евробримдик менен тыгыз кызматташып, Европага виза берүүдө жеңилдиктер каралуусу керектигин сунуштады.
Кыргыз-мажар өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 16 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин көтөрүү пландалып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылы 14,72 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу 1,7 эсе көбөйгөн.
«Бүгүн биз Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чындоонун маанилүү этабы болгон кыргыз-мажар стратегиялык кеңешинин 4-жыйынын жыйынтыгын чыгардык», — дейт тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев.
Ал жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын алга жылдырууга багытталган маселелер боюнча талкуу болгонун айтты.
«Мунун алкагында эки тараптуу кызматташтыктын бардык негизги багыттарын камтыган протокол кабыл алдык.
Биз пландалган долбоорлорду ишке ашырууну улантып, транспорт, айыл чарба, технология, экология жана билим беруу тармактарында кызматташуубузду бекемдөөгө ниеттенип жатабыз.
Кыргыз-мажар өнүктүрүү фонду биздин өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чындоого багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоонун жана ишке ашыруунун негизги инструментине айланды. Фонддун долбоорлоруна катышууга суроо-талаптын жогору экендигин эске алуу менен бирге, биз жогорку технологиялар жана жашыл энергетика сыяктуу жаңы тармактарда иш-аракеттерди кенейтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз».
Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстан жана Мажарстан тынчтыкты колдогон өлкө экенин айтып, Кыргызстанды терорризм менен күрөшүүдөгү иш-аракеттерин жогору баалап, коопсуз өлкө экендигин кошумчалады.
Аны менен катар Евробиримдик менен тыгыз кызматташып, Европага виза берүү маселесин жеңилдетүү керектигин айтууну сунуштады.
Ошондой эле ал Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.
«Кыргызстан менен бирге биз тынчтыкты колдогон глобалдык көпчүлүктүн бир бөлүгү болгонубузга сыймыктанабыз. Биз согуштун талаада чечилбей турганын билебиз жана согуш тек гана сүйлөшүү жолу менен гана бүтөөрүнө ишенебиз. Ошондуктан, биз Украинадагы согушту токтотуу үчүн ок атууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштайбыз.
Мажарстан учурда Евробиримдиктин ротациялуу президенти болуп жатат. Ошондуктан, Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы кеңейтилген кызматташуу келишиминине кол коюлушун талап кылып келдик. Биз визаны жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштайбыз. Бул маселени декабрь айында өтө турган Евробиримдик-Кыргызстан кызматташтык кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизүү керек.
Акыркы учурда министр менен эки тараптуу маселелердин күн тартибин карап чыгуунун мүмкүнчүлүгүн алып, өткөн жылы биздин соода көлөмү жаңы рекордду жаңыртканын айткым келет. Бул жылы соода көлөмүнүн эки эсеге көбөйүшүн көрүп жатабыз. Мажарстандык компаниялар азыр Кыргызстандын рыногунда медициналык, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайында иш алып барууда. Аны менен катар кыргыз-мажар өнүктүрүү фонду да тыгыз иш алып барууда».
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Мажарстан менен билим берүү, техника жаатында кызматташууну жандантуу керектигин айтты.
«Мажарстан менен кызматташа турган негизги багыттар билим берүүү жана техника. Учурда жыл сайын 200 кыргызстандык студенттерди акысыз окутуп жатат. Бул билим берүү системасына чоң салым. Ошондой эле техника жаатында кызматашуубуз керек. Биздин ишкерлер ал жакка барып, таанышып, тажрыйба алып, мажар ишкерлери менен биргеликте Кыргызстанда кандайдыр бир ишкана же ошол жактагы компаниялардын бөлүмдөрүн ачса жакшы болмок».
Жыл башында Кыргызстандан Мажаристанга иштөө максатында жүздөгөн жарандар барат. Жыл башында ар кандай себептерден улам бир учурларда 200гө чукул жаран жумушсуз калганын массалык маалымат каражаттары жазып чыккан.
Кыргызстандын Мажаристандагы элчиси Талантбек Кушчубеков бул маселе «Маралга» чечилгенин билдирди.
«Жыл башында 200гө чукул кыргызстандык жаран бир учурда жумушсуз калды. Заводдор бир ай, бир жума иштегенден кийин кетирип жатты. Жапырт жумушсуз калган учур биринчи жолу катталды. Ага чейин онго чукул адам катталчу. Биздин жарандар иштеген заводдор жеке менчик болгондуктан алар рынокту карайт экен. Алардын товары сатылбай калган учурда жумушчуларды кыскартып коюшат экен. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө болуп, эки тарап менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Айрымдары, 30га чукул киши кайра Кыргызстанга кайтты, ал эми калганына акырындык менен жумуш таап бердик».
Экономист Эрлан Камалов Мажарстан Кыргызстан үчүн Европа мамлекеттерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга эшик болуп берет деп айтат.
Ал Кыргызстандан Мажарстанга экспорттоого мүмкүн болгон товарларды атады.
«Кыргызстан Мажарстанга айыл чарба товарларын, мындан сырткары азыркы тапта Европа өлкөлөрүндө тартыш болуп жаткан энергетика ресурстарын, көмүрдү жана дагы башка материалдарды экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошого байланыштуу Кыргызстан өз экспорттук потенциалын натыйжалуу колдонсо, жергиликтүү компанияларга да жакшы шарттар пайда болот».
2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте кыргыз-мажар өнүктүрүү фонду ачылган. Аталган фонд инвестицияларды тартууга жана долбоорлорду ишке ашырууга натыйжалуу аянтча болуп, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө салым кошууга багытталган.
Кыргыз-мажар өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 16 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин көтөрүү пландалып жатканы айтылды.
Кыргызстандан жүздөгөн жаран жыл сайын компаниялар аркылуу Мажарстанга жана башка өлкөлөргө иштөө максатында барышат.
Мажарстандын расмий маалыматына карасак, өткөн жылы “Stipendium Hungaricum” программасы аркылуу 600дөн ашуун кайрылуу келген.
Президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Мажарстанга болгон сапарынын алкагында Stipendium Hungaricum программасы менен Мажарстандын окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн кошумча 200 орун берилген.
Мажарстанда бир канча жылдан бери билим берүү тармагында окуп жүргөн PhD кандидаты Даниел Кимсаналиев Кыргызстан Мажарстандын билим берүү тармагы менен тыгыз кызматташып, мажарлардын системасынан тажрыйба алса деген пикирде.
«Мажарстанда Европа Жогорку билим берүү аймагына кирген өлкөлөрдүн университеттери берген дипломдордун баарын бирдей деңгээлде кабыл алынып, эч кандай нoстрификациялоо керектелбейт. Башкача айтканда бир өлкөнүн диплому менен башка өлкөдө эч кандай тоскоолдуксуз жумушка орношконго же окуусун улантууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кыргызстандын мисалында айтсак бул боюнча бир топ маселелер бар. Европалык дипломдун ээси болобу, дүйнөлүк алдыңкы университтердин дипломдорун да нострификациядан өткөрүүгө милдеттүү.
Кыргызстандагы университеттерге салыштырмалуу бул жактагы жогоркуу окуу жайлар саясаттан, ар түрдүү этникалык улуттук бөлүнүүлөрдөн, көз караштарды чектеп, жектөөдөн алыс. Бул жакта студенттер эркин. Себеби сабак тандоо, мугалим тандоо эркиндиги бар. Албетте мунун баары студенттердин эркин ой жүгүртүүсүнө, эркин тандоо жасашына жана мыкты жетилүүсүнө шарт түзөт. Биздин өлкөдө да студенттер үчүн ушул сыяктуу эркиндиктер берилсе жакшы болмок деп ойлойм».
Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Мажарстанга жумушчу сапарын жасаган. Ал жактагы кыргыз жарандарынын көпчүлүгү окууга жана өндүрүштүк жумуштарда иштөө үчүн барган.
Кыргызстан менен Мажарстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы февраль айында ачылган. 2018-жылы Мажарстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Жүздөгөн кыргызстандык студенттер Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алышат.