Биз менен байланышыңыз

Доллардын курсу бираз төмөндөдү

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 274 | 0

Бүгүн, 18-сентябрдын таңына карата АКШ доллары, орус рублинин, теңгенин расмий курсу төмөндөп, евро бир аз жогорулаганы байкалды.

Учурда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда бир доллар орто эсеп менен 84,23 сомдон сатып алынып, 84,71 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу 84,55 сом деп белгиленген. Акыркы суткада 0,13 пайызга төмөндөө байкалды.

Евронун курсу сомго карата 0,07 пайыз кымбаттады. Учурда орто эсеп менен би евро 93,09 сомдон сатылып алынып, 94,06 сомдон сатылууда. Расмий курс 94,2411 сом.

Рубль 0,18 пайызга арзандап, 0,912-0,937 сомдон сатылуу. Улуттук банктын курсу 0,9298 сомду түздү.

Бир казак теңгесинин курсу төмөндөп, 0,1216-0,1901 сомдон сатылууда. Расмий курс – 0,1759 сом (төмөндөө – 0,11 пайыз).

Copyright © 2017 Maral FM