Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Германия миграция тармагында кызматташууга кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 229 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Германиянын канцлери Олаф Шольц Самаркандда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, миграциялык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу  Өзбекстан президентинин басма сөз кызматына таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Буга чейин маалымдалгандай, Германиянын канцлери Олаф Шольц 15-сентябрда Өзбекстанда иш сапары менен болду.

Канцлердин расмий иш сапарынын алкагында 8 эки тараптуу документке, анын ичинде миграция жана мобилдүүлүк чөйрөсүндө ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду. Документ бул жаатта ачык-айкын жана ыраттуу кызматташууну уюштурууга багытталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Өзбекстандан Германияга адистерди даярдоо жана жөнөтүү боюнча практикалык кызматташуунун «жол картасын» иштеп чыгууга макулдашышты.

Өзбекстан аймактарга дуалдык билим берүүнүн германиялык моделин киргизүүнү пландоодо. Билим берүү жана илим алмашууну өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн университеттеринин форумун ачуу сунушталды.

Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстан биргелешкен программаларды ишке ашыруу, Германияда жогорку окуу жайлардын факультеттерин жана филиалдарын ачуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр.

Өзбекстандын президенти өлкөдө 300 миңге жакын жаштар немис тилин билерин жана Германияга кызыгуусу жогору экенин белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, былтыр Өзбекстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард евродон ашкан. Жыл башынан бери немис компаниялары Өзбекстандын экономикасына 800 миллион евро инвестиция салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM