Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Индия Ооганстандагы тынчтык жараянын ишке ашырууга көмөктөшөт

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 80 | 0

Өзбекстандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев Индиянын NatStrat стратегиялык жана коопсуздук жаатындагы изилдөөлөр боюнча көзкарандысыз бейөкмөт борборунун кеңешчиси Шантану Мукержи менен жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Өзбекстан ТИМинин маалыматына ылайык, жолугушууда аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен аракеттер талкууланган.

Индия тарапка Өзбекстандын Ооганстандагы саясий процесске тынчтык жолу менен көмөктөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары, ошондой эле бул өлкөдө ишке ашырылып жаткан транспорт жана коммуникация долбоорлору тууралуу маалымат берилген.

Шантану Мукержи Өзбекстандын Ооганстанда узак мөөнөттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу, анын социалдык-экономикалык инфраструктурасын калыбына келтирүүдөгү активдүү катышуусун өзгөчө белгилеген.

Талибан кыймылы Ооганстанга 2021-жылы бийликке келгенден кийин эл аралык коомчулук тарабынан таанылбай, изоляцияда калган. Ошого карабай региондогу мамлекеттер менен мамилелерин өркүндөтүп жатат. Кытай, Орусия, Иран, Пакистан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер менен соода жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча кызматташтыгы уланууда. Ал эми Кытай дипломатиялык деңгээлде тааныган жалгыз өлкө болуп саналат. Жакында эле Кыргызстан да «Талибан» кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Буга чейин Казакстан да ушул кадамга барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM