Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата күмүш тыйын чыгарды

Кыска кабар | 20 Авг 2024 | 124 | 0

Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ушул жылдын 20-августунан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу /Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан.

Монетанын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» жазуулары түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – «2024», металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM