Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Калкыбыздын 82%ы биздин жүргүзгөн иштерди колдойт

Без рубрики , Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 177 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүп жана сезип жатканын айтты. Ал «бүгүнкү күндө өлкө калкы бизди колдойт – бул мамлекеттик бийлик органдарынын жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүн колдоонун 82%ы», — деп билдирди өкмөттүн кезектеги жыйынында.

«Бизден темирдей эркти, дыкат тартипти, кынтыксыз эмгекти, чыныгы чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту жана тарыхтын агымын өзгөртө турган иш-аракеттерге даярдуулукту талап кылган элибиздин бул “ишеним цифраларын” сактап, мындан ары дагы арттырышыбыз керек. Учурда бизден профессионалдуулук менен гана чектелбестен дагы көп нерсе талап кылынат. Биз тарыхый этапты басып өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 229 млрд сомду (13 млрд 981 млн АКШ доллары) түздү, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору» — деп кошумчалады.

Жапаров ошондой эле адам башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзсө, 2020-жылы ал болгону 1230 долларды түзгөнүн кошумчалады.

“Миңдеген чакырым жол салынып, жүздөгөн мектептер ачылууда, жолчулар, энергетиктер үчүн атайын техникалар сатылып алынууда, ӨКМ жана шаарлар коомдук транспорт менен толук камсыз кылынууда, бардык аймактарда аэропорттор курулууда, өлкө вертолеттор жана самолеттер менен камсыз болду”, – деп белгилеген Акылбек Жапаров, фискалдаштыруунун жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн артында белгиленген жетишкендиктер ишке ашкандыгын кошумчалады.

“Фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформалар баш аламан болгон жок. Алар дыкат  текшерилген, илимий негизделген ыкмалар менен колдоого алынган жана фискалдык кызматтардын практикалык тажрыйбасы менен иштелип чыккан”,– деп белгиледи Минкаб төрагасы.

Copyright © 2017 Maral FM