Биз менен байланышыңыз

15-августтун аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыска кабар | 14 Авг 2024 | 114 | 0

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, эртең 15-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындатүнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүн биринчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 37…39° ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM