Биз менен байланышыңыз

Париж: Бүгүн дагы үч кыргызстандык күч сынашат

Кыска кабар , Спорт | 8 Авг 2024 | 964 | 0

Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимпиадалык оюндардын алкагында Кыргызстандын атынан үч спортчу күч сынашат.

Амантур Исмаилов 67 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттешинин биринчи раундун өткөрөт. Анын атаандашы сербиялык Мате Немеш. Бул мелдешти утса, коло үчүн күрөшөт.

Эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу биринчи кармашка чыгат. Атаандашы казакстандык Мейрамбек Картбай болот.

Бүгүнкү беттештер саат 15:00дө башталат.

Ал эми 9-августка караган түнү бокс боюнча мелдештер башталат. Анда кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн болгариялык Хавьер Ибаньес менен рингге чыгат.

Париж олимпиадасынын алкагында Кыргызстандын капчыгында учурда бир күмүш, үч коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта, Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта, Акжол Махмудов 77 кгсалмакта коло медаль уткан.

Copyright © 2017 Maral FM