Биз менен байланышыңыз

ChatGPT’нин үн режими ишке киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 718 | 0

OpenAI компаниясы ChatGPT’нин үн режимин ишке киргизди. Бетачарында ырдап, түрдүү акценттерде сүйлөп, тыныгууларды жасаган үн режими көз ирмемде эле башка тилдерге да өтүп, сүйлөө ылдамдыгын өзгөртө аларын көрсөттү.

Учурда үн режими аз гана сандагы колдонуучуларга жеткиликтүү.

ChatGPT’нин алгачкы моделинин бетачарынан бери эле жасалма интеллекттин кооптуулугу тууралуу тынчсыздануулар айтылып келет. Быйыл жазында жасалма интеллекттин «атасы» деп эсептелген окумуштуу Жеффри Хинтон жасалма акылга байланышкан тобокелдиктерди чагылдыруу үчүн Google компаниясынан кеткенин жарыялаган. Анда ал жасалма интеллекттин жайылышы адам эмгегин колдонгон адистиктердин азайышына алып келерин билдирген.

Өткөн жылы декабрда The New York Times гезити Кремний өрөөнүндөгү жасалма интеллект тармагында иштеген адистердин божомолдорун анализдеген макаласын жарыялаган. Анда сурамжылоого катышкан адистердин пикирине ылайык, адамзаттын жасалма интеллекттин айынан жок болуп кетүү мүмкүндүгү орточо эсеп менен 20-30% түзөт.

Быйыл июнда OpenAI баштаган бир катар белгилүү компаниялардын мурдагы жана азыркы кызматкерлери жасалма интеллект адамзаттын жоголушуна алып келерин эскертишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM