Биз менен байланышыңыз

Бангладештин премьер-министри өлкөдөн чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2024 | 784 | 0

Бир нече жумадан бери нааразылык акциялары уланып, жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган Бангладеште премьер-министр Шейх Хасина кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү Prothom Alo гезитине таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Хасина сиңдисин алып, тик учак менен Индияга учуп кеткенден кийин анын резиденциясына миңдеген демонстранттар кирип барышкан. Ал учардын алдында видеокайрылуу жасоону пландап, бирок жетишпей калганы кабарланды.

4-авгстта өкмөттү 15 жылдан бери башкарып келе жаткан Шейх Хасинанын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, кеминде 90 киши каза болгону, алардын 13ү күч кызматкери экени кабарланган. Жалпысынан нааразылык акциясы башталгандан бери өлкөдө 280ден ашуун киши каза тапты.

Июнь айында жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан.

Мындан улам өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды кайрадан жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бул чечимге ылайык, мамлекеттик сектордогу кызматтык орундардын 93% талапкерлердин кесиптик жарамдуулугуна жараша бөлүштүрүлөрү айтылган. 1971-жылы Пакистандан көз каранды эместик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугундары үчүн мурда орундардын 30% ашыгы каралган болсо, эми 5% болот деп жарыяланган. Калган 2% аз улут өкүлдөрүнө, майыптыгы барларга жана «үчүнчү жыныс» өкүлдөрүнө берилери белгиленген.

Полиция акциянын катышуучулары өкмөт, телекоммуникация жана абак мекемелеринин көбүн талкалап, өрттөп жибергенин билдирген.

Нааразылык уюштурган студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү да талап кылышкан.

Калкы дээрлик 170 миллион Бангладеште жаштардын 18 миллионго жакыны жумушсуз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM