Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских 3-августта мелдешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 1 Авг 2024 | 508 | 0

Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских Парижде өтүп жаткан Олимпиадалык оюндардын алкагында 3-августта мелдешке чыгат.

Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат. Мелдеш Бишкек убактысы менен саат 15:00до башталат.

Бул күнү бокс боюнча да беттештер өтөт. Кыргызстандан барган мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмакта Жамал Харви аттуу америкалык мушкер менен күч сынашат.

Буга чейин Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалдык баскычта кубалык мушкерди жеңип, чейрек финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу чыга турган чейрек финалдагы беттеш Бишкек убактысы менен 00:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM