Биз менен байланышыңыз

Оштун 77 жаштагы тургуну Астанадагы «Көчмөндөр оюндарына» велосипед менен барат

Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 399 | 0

Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына велосипед менен жол алган Ош шаарынын 77 жаштагы тургуну Мамыт Таштановду узатуу аземи өттү.

Мэрия ал жаранга акчалай жардам көрсөткөн.

Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду велосипед менен өтөт. Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да велосипед менен барган.

Быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Астана шаарында өткөрүлөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM