Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада алтындын куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет

Коом , Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 1172 | 0

Кара-Балта шаарында алтындын чендик куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев  маалымат жыйында билдирди.

Сатыбалдиевдин айтымында, атлаган  завод Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылат.

«Республика боюнча 100 өнөр жай объектисин ишке киргизүү планына карата «Кыргызалтын» август айында эки иш-чараны мерчемдеп жатат. Мында Кара-Балта шаарында алтындын чендик куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет. Ошондой эле Кеминдеги «Мироновское»  кенинде алгачкы кенди казып алуу иштери башталат».

Мындан тышкары Сатыбалдиев, өлкө боюнча сейрек кездешүүчү элементтерди жана кендерди кайра иштетүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM