Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Кыргызстандык суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 30 Июл 2024 | 833 | 0

Бүгүн, 30-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов экинчи ирет күч сынашты.

Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышты. Бул аралыкка жалпысынан 25 суучул катталып, 4 бөлүккө бөлүндү.

Петрашов үчүнчү жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,99 секундада сүзүп келип, өз тобунда 6-орунду ээледи.

Жалпы 25 катышуучунун жыйынтыгы менен Денис Петрашов 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыкты. Бул жарышта жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириш керек болчу.

Жарым финалдык мелдештер 31-июлга караган түнү саат 01:59да башталат.

Денис Петрашов 27-июлда Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээлеген. Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашкан.

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы мелдештеринин графиги

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM