«Ишкердик субъектилерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилип, тамак-аш коопсуздугун сактоо боюнча 2024-жылдын 1-июлунан тарта пландуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин мораторийге байланыштуу быйылкы жылдын 6 ай аралыгында текшерүүлөр болгон эмес.
Бүгүнкү күндө 1290 субьектиге текшерүү жүргүзүүгө макулдашылып, жыйынтыгында пландык жана плансыз текшерүүлөр менен ветеринардык санитардык талаптарды аткарбаган субьектилерге 456 миң 500 сом айыппул салынды.