Бишкектеги Байтик Баатыр/Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.
Мэриядан билдиришкендей, 20-августка чейин Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, ошондой эле Абдрахманов көчөсүн Аалы Токомбаевден Жибек Жолуна чейин бүтүрүү пландалып жатат.
18-июлда Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн жарым-жартылай жабуу менен иш башталып, ишти 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.
Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка чейинки бөлүгүндөгү иштерди аяктоо 10-15-октябрга чейин пландалып, мөөнөт проспектинин узундугун жана туурасын, ошондой эле аба ырайынын шарттарын эске алуу менен белгиленген.
Ошондой эле 16-июлда биринчи этап менен Юнусалиев көчөсү Сухэ Батор көчөсүнөн Сүйөркуловго чейин жабылды. Капиталдык оңдоо иштери Сухэ Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин пландалууда.
Ал эми Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин Горький көчөсүн бойлой капиталдык оңдоо иштери пландалууда.
Курулуш мезгилин рационалдуу пайдалануу максатында көчөлөрдүн айрым участоктору бекитилген графиктен эрте жабылган. Мэрия ремонт иштери графиктен 18-20 күн алдыда жүрүп жатканын билдирет. Иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөө максатында жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө онлайн камералар орнотулган.