13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, 15-июлда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.