Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 28 жолу сынак тапшырган

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 1011 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандык жарандардын бири айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 28 жолу сынак тапшырган. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

2023-жылдын 1-январынан тарта системада теориялык экзаменди рекорддук түрдө тапшырган учурлар катталган. Алардын бири 28 жолу аракет кылып, сынактан өткөн. Дагы 32 жаран бир нече жолу аракет кылганына карабай сынактан өтпөй калган.

Быйыл 30 миң 634 адам айдоочулук күбөлүк үчүн теориялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 26 миң 307 жаран сынактан өткөн.

Жалпы 30 миң 634 адамдын ичинен 15 миң 653ү сынактан биринчи жолу тапшырганда эле өткөн. 7 миң 242 адам экинчи аракеттен өткөн, 3 миң 646 адам үчүнчү аракетте, 4 миң 88 талапкер үч жолудан ашык экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүк алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM