Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан БУУнун коопсуздук кеңешине мүчө болууга талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 221 | 0

Президент Садыр Жапаров 2026-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине мүчө болууга талапкерлигин көрсөтүп жатканын билдирди.

«Биздин өлкө башка 60 өлкө менен бирге Бириккен Улуттар Уюмунунун коопсуздук кеңешинде эч качан болгон эмес. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон бардык мамлекеттер БУУнун коопсуздук кеңешине шайлануу укугуна ээ болушу керек. Кыргызстандын БУУнун коопсуздук кеңешине шайлануусу дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилетсиздик оңдоого жана баардык өлкөлөргө БУУнун коопсуздук кеңешинде болууга бирдей укук берүүдө саясий эркин көрсөтүүсү болмок ”, — деди Садыр Жапаров.

БУУнун башкы катчысы менен президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.

Гутерриштин Кыргызстанга сапары 1-июлда башталып, 3-июлда аяктайт. Андан ары ал Астанага (Казакстан) барат. БУУнун баш катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын Өзбекстандан баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM