Биз менен байланышыңыз

Финсабатка саякат: Акчаңызды алтын катары сактаңыз

Блог | 24 Июн 2024 | 599 | 0

Бүгүнкү күндө коомдо акчаны алтын түрүндө сактап, капитал кылгандар көбөйүүдө. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Гүлбара Маматалиева акчаны алтын түрүндө сактоону ишенимдүү капитал деп эсептейт.

Анын айтымында, рынокто алтындын баасы кымбатташы мүмкүн, бирок арзандабайт.

«Мен алтынды капитал катары сактайм. Анткени алтын эч качан арзандабайт. Кымбатташы мүмкүн, бирок арзандабайт. Акчаны кармап турганы жакшы. Ашыкча акчам болсо эле алтын алып коем. Эгерде кандайдыр бир оор турмуштук кыйынчылык жаралса, алтынымды сатып, керегиме жумшайм».

Азыркы учурда акчаны алтын түрүндө сактаган ыңгайлуубу же акчалай элеби? Бул тууралуу борбор калаадагы алтын саткан соодагерлерден сурап көрдүк.

Негизи көбү алтын катары сакташат. Анткени акчанын өзүн сактаганда ал иштетилип кетет, бат эле коротуп салышат. Ал эми алтынды сактаганда аны тагып алып жүрө берет, өзү үчүн кооз көрүнөт. Мисалы сөйкө, шакек жана башка. Кийин кайра кымбатыраак кылып сатып жиберишет. Кыргызстанда орус алтын жана кыргыз алтынды сатабыз. Орус алтындын номери 585, ал эми кыргыз алтын 375 номерде. Көбүнчө 585 номердеги алтынды сатып алышат. Азыркы учурда алтындын граммы 5 миң 200 сомдон башталат.

Алтынды акча түрүндө сактаган ыңгайлуу эле, себеби алтындын баасы жылдан-жылга көтөрүлүп жатат. Тактап айтканда, акыркы 30 жылда өзгөрүлүп келе жатат. Дүйнөлүк биржанын баасынан көз каранды болот. Кээде көтөрүлсө, кээде түшүп турат. Кыргызстанда азыр өзүбүздүн өндүрүштөн чыккан алтындар бар. Ошондой эле Түркиядан жана Орусиядан келет. Негизи кайсы жактан чыкканына эле карайт. Болбосо баарына эле 585 номер басылат. Алтындын граммынын баасы номерине жараша болот. Мисалы, 585 номердеги алтындын баасы орто эсеп менен 5000 сомдун тегереги болуп калат. Ал эми 375 номердеги алтындын баасы 3500-4000 сом.

Акчаны алтын түрүндө сактаган илгертеден эле ыңгайлуу. Себеби алтын эч качан өзүнүн баасын жоготпойт. Бизде деле 585, 375 жана 750 номердеги алтындар бар. Ошолордун эң көп сатылганы 375 менен 585 номердеги алтындар. Биз алтынды сатып алганда граммын 3600дөн алабыз жана сатканда 5000 сомдон сатылат.

Бул абдан пайдалуу жана оңой келет. Жарым жыл мурунку күз менен азыркы жаз, жайдын бааларын салыштырсак баасы 1000 сомго көтөрүлдү. Бул болгону 1 грамм. Демек баанын көтөрүлүшүнө тенденция жүрүп, баа төмөндөбөй, сөзсүз түрдө көтөрүлөт. Азыркы учурда бул адан пайдалуу. Бул нерсени түшүнүү менен капиталдык жактан салым кошот. 5-6 жыл мурун алтын сатып алган адамдар, сатып алгандан дагы көп акча түшөт. Ошон үчүн бул нерсе пайдалуу жана оңой болот. Доллардын курсунан көз каранды болушу мүмкүн. Бирок баа төмөндөбөйт, көтөрүлө берет. Сары, кызыл, ак алтын бар. Бирок эл көбүнчө сары түстөгү алтынды жактырышат. Айткандарына караганда, сары алтын тренд. Ак алтын да алышат, бирок ал күмүшкө окшош болгону үчүн көбү түшүнө бербейт. Ошондуктан көпчүлүк сары түстөгү алтын алат. Күн сайын дүйнөлүк алтындын баасы, доллардын курсу өзгөрүп тургандыктан, грамм үчүн 5300төн башталып, жогорулайт.

Негизи кайсы алтынга суроо талап жогору жана кайсы алтындын баалары ыңгайлуу?

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев акчаны алтын түрүндө сактоо бир нече артыкчылыктарга ээ экенин айтып берди.

Алтын баалуу металл, эч качан сапатын жоготпойт жана канча жыл өтсө да алтын бойдон калат.

«Акчаны алтын түрүндө сактоо бир нече артыкчылыктарга ээ. Алтын баалуу металл, эч качан сапатын жоготпойт. 10 жыл, 100 жыл бою алтын бойдон кала берет. Дүйнөдө бул активдин запастары чектелүү болгондуктан, ага ар дайым суроо-талап бар. Ошол эле учурда алтын куймаларын алсак, Улуттук банк 2015-жылдан бери алтын куймаларын чыгарып келет. Алгачкы жолу чыкканда анын баасы 235 миң сомду түзсө, көнгөн адатта анын баасы 700 миңге жакын чыгып, дээрлик 3 эсе жогорулады. Ошондуктан акчаны алтын түрүндө сактоо – бул акчаңызды дагы узак мөөнөттө көбөйтүүгө жол ачат».

Бүгүнкү күндө Улуттук банк өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу менен биргеликте, кайра сатып алуу операцияларын жүргүзөт. Жарандар же юридикалык жактар алтын сатып алып, керек учурда кайра Улуттук банкка тапшырып, ошол күндөгү баа менен сом ала алат.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев алтынга суроо-талап дайыма болорун айтат.

Ошол эле учурда ал алтындын баасы өзгөрүп да турарын белгиледи.

«Тарыхка карасак, кагаз акча чыкканга чейин алтын тыйындар, негизи эле алтын — акча каражат катары колдонулуп келген. Андыктан алтындын тарыхы миңдеген жылдар бою негизги акча каражат катары колдонулуп келген. Ошол себептен ага суроо-талап дайыма боло берет. Албетте, алтындын баасы да өзгөрүп турат. Алтын товар, актив катары инвесторлор тарабынан каралат. Андыктан ага суроо-талап жогорулаганда , нын баасы дагы жогорулайт. Тарыхка карасак, кандайдыр бир финансылык кризистик учурларда инвесторлор, чоң мамлеткеттер тарабынан алтынга суроо-талап жогорулганда, баасы өсөт. Кырдаал туруктуу болуп баштаганда, алтынга суроо-талап азайганда, баасы дагы түшүп кетиши мүмкүн. Бирок статистиканы карасак, узак мөөнөттө өлчөнгөн алтын куймаларын, жана мисал келтирип кеттик, 9 жылда дээрлик анын баасы өскөн. Биз 100 граммдык өлчөнгөн алтын куймалары боюнча статистиканы алып карасак, ошондой көрсөткүчтөрдү белгилей кетсек болот».

Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда акчаны алтын менен сактоо жайылып келе жатат. 2022-2023-жылдагы статистикага ылайык, 1 граммдан 100 граммга чейин алтын өлчөнгөн алтын куймалардын салмагы 161,1 кг сатылып, анын баасы 952 млн сомду түзгөн. Ошол эле учурда каражат топтоо катары болбосо да, кандайдыр бир белек катары дагы жарандар колдонуп келет.

Алтынды депозит катары сактаса болобу?

Депозиттер улуттук же чет өлкөлүк валютада кабыл алынат. Алтын депозиттери үчүн жеке эмес металл эсептери колдонулат. Бул баалуу металлдарга инвестициялоонун оңой жана ыңгайлуу варианттарынын бири. Жеке эмес металл эсептери менен сиз накталай акчаңызды баалуу металлдардын үч түрүнө инвестициялай аласыз: алтын, күмүш жана платина. Бул баалуу металлдын граммында ачылган эсеп, анда баалуу металлдын үлгүсү, куйма номери жана өндүрүүчүсү жөнүндө маалымат жок эле сатылып алынган маалымат чагылдырылат.

2023-жылы сатып өткөрүлгөн 999,9 сапат белгисинде 1, 2, 5, 10, 31,1035 (1 трой унциясы) жана 100 гр салмагындагы аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларынын көлөмү 206,5 млн сом (2022-жылы – 746,3 млн сом суммасында 125,2 кг) суммасында 35,9 кг түзгөн.

Мындай операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктардын атайын лицензиясы болуш керек. Ал тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылган.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев банктын алтын куймаларынын сатыкка чыгышы тууралуу кененирээк маалымат берди:

Салмагы 1 г, 2 г, 5 г, 10 г, 31,1035 г (бир трой унция) жана 100 граммдык өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруунун негизги максаты жеке жана юридикалык жактар үчүн альтернативдүү аманат жана инвестициялык инструменттердин рыногун түзүү болуп саналат жана буга байланыштуу өлчөнгөн алтын куймалар кайра сатып алуу укугу менен сатылат.

Өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу баалары Улуттук банк тарабынан күн сайын белгиленет жана төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:

— Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын мурунку иш күнгө карата кечки фиксинги боюнча алтындын баасы бир трой унция үчүн АКШ долларында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын АКШ долларына карата расмий курсу боюнча;

— Өлчөнгөн алтын куймаларды даярдоого кеткен Улуттук банктын чыгымдары. Ошондуктан дүйнөлүк рынокто валюта курсу жана алтындын баасы өзгөрүлсө, өлчөнгөн алтын куймалардын баасы да өзгөрүлүп турат.

Көпчүлүк инвесторлор валюта рынокторундагы туруксуздук мезгилинде алтындын курсун эске алып, кыйла туруктуу болгон баалуу металлдар рыногуна каражат салууну жактырышат, бул баалуу металлдардын өзгөчөлүгү. Алтын өзүнүн кайталангыс касиети жана акча каражаты катары узак тарыхы бар инвестициялык жана резервдик актив катары бекем туруктуулукка ээ.

Бүгүнкү күндө валюта рыногунда туруксуз кырдаал орун алган учурда, алтын куймалары аманаттарды акчалай түрдө топтоодо тобокелдиктерди диверсификациялоого жана акча каражаттарын инфляциялык таасирлерден камсыздандырууга мүмкүндүк берүүчү банк продукт болуп эсептелет. Ошол эле учурда дүйнөлүк рынокто алтындын баасы жогорку деңгээлдеги өзгөрүлмөлүүлүк менен мүнөздөлөт. Ушуга байланыштуу өлчөнгөн куймаларды бир жыл жана бир нече жыл мурда сатып алган кардарларга пайдалуу болду. Ошондуктан өлчөнгөн алтын куймалары кыска мөөнөткө эмес, узак мөөнөттүү келечекте, жеке жана юридикалык жактар үчүн альтернативдүү аманат жана инвестициялык инструменттер рыногун түзүүдө.

Өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу же кайра сатып алуу баалары жана тартиби жөнүндө толук маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM