Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус нөлдөн жогору.