Биз менен байланышыңыз

Орусия Өзбекстанга АЭС курат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2024 | 651 | 0

Орусия Өзбекстанда чакан атомдук электр станциясын курат. Кичи атомдук электр станциясын долбоорлоо, жеткирүү жана куруу боюнча келишимге 27-майда Ташкентте Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу Кремль кабарлады.

Тараптар ошондой эле 2018-жылдын 7-сентябрында Өзбекстанда атомдук электр станциясын курууда кызматташуу жөнүндө өкмөттөр ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту.

«Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачевдин айтымында, долбоор Жиззак облусунда 330 МВт кубаттуулуктагы станцияны курууну камтыйт. Станциянын курулушу ушул жылдын жай айларында башталат.

Орусиянын президети Владимир Путин 26-27-май күндөрү Ташкентте малекеттик сапар менен болду. Сапарадын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкө ортосундагы бир катар маслелерге токтолуп, анын ичинде өзбек мигранттарына эмгек шартын жакшыртуу боюча эффективдүү механизмди иштеп чыгуу керектигин баса белгиледи.

ТАСС маалымат агенттигинин 2024-жылдын 20-февралына карата жарыялаган маалыматына ылайык, Орусияда 1 миллиондой Өзбекстандын жарандары түрдүү тармактарда эмгектенишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM