Connect with us

«Сизге банктан чалып жатабыз». Интернеттеги шылуундар көбөйдү #Финсабатка_саякат

Блог | 27 Май 2024 | 562 | 0

Интернет колдонуучулардын саны өскөн сайын алдамчылык жол менен акча табууга аракет кылган кылмышкерлер көбөйүүдө. Акыркы убакта кыргызстандыктар социалдык тармактарда, телефон аркылуу же мессенджер аркылуу көп алданууда. Алдамчылыктын курмандыктары акчасы уурдалгандан кийин гана билишет.

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Элмира Балтабаева бир жыл мурун 20 миң сомдой акчасын интернет аркылуу уурдаткан. Ага акчаны көбөйтүп беребиз деп убада кылышкан.

«Интернеттеги жарнама аркылуу тапкам. Криптовалюта сыяктуу деп айтышкан. Ал жакка ссылка менен кирсем, Телеграмдан бир группага кошулгам. Анын ичинде акчасын салгандар кайра көбөйтүп алганын жазышкан. Мен дагы ишенип 4000 сом салдым. Кийинки күнү келишим түздүк, эми 15 миң салык төлөшүңүз керек деп жазышкан. 70 миңге келишим түзүлдү деп айтышкан. Ишенип 15 миң сом котордум. Которгондон кийин эле мени кара тизмеге салып, жок болуп кетишти. Номери жок болуп кеткен. Байланышка чыга албай калдым».

Дагы бир интернет шылуундардын торуна түшкөн Гүлнур Турсунбаева буга чейин 4-5 жолу ар кандай жолдор менен алданып, акчасын уурдаткан.

«Интернеттен алданып калган учурларым көп эле болгон. 5-6 жолудан кем эмес. Биринчи жолу бизнес үйрөтөм деп, 1500 сом салгыла деген. Телергам аркылуу байланышка чыгабыз, ошол жактан кураторлор үйрөтөт деп айтышкан. Акчасын которуп коюп, күттүм. Эки күндөн кийин жазсам, мени өчүрүп, кара тизмеге салып коюптур. Ошентип таппай калдым. Экинчи жолу, курстук иш жаздырам деп алдандым. 3500 сомго алдандым. Мындан тышкары арыктата турган дары алам деп интернеттен бир сайтка буйрутма бергем. Ал жакка картамды улап, коддорун баарын жазгам. Картамдагы акчаны дароо эле алып коюшкан. Андагы дагы аларды таппай калгам. Товарга дагы буйрутма берилбей калган».

Мындай алдамчылык менен алектенген кылмышкерлердин курмандыгы болуп калбоо үчүн алардын ыкмаларын ар бир жаран жакшы билиши керек.

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев шылуундар жана финансылык алдамчылар социалдык тармактарды колдонуу менен элди алдап жатышканын белгиледи.

Ал уурулар интернет аркылуу кандай жолдор менен элди алдап жатканын айтып берди.

«Шылуундар жана финансылык алдамчылар социалдык тармактарды колдонуу менен элди алдоого көптөгөн аракеттерди жасашат. Мисалы ошол эле кандайдыр бир шилтемелерди жарыялап же болбосо жогорку кирешелүү долбоор деп бир постторду жарыялашат. Андан ары кандайдыр бир шилтемелер аркылуу өзүнүн даярдалган сайттарына өтүп, жарандардан жеке маалымат, банк карталарын, керек болсо коддорун сурап аракет жасайт. Ал маалыматты алгандан кийин, картадан же электрондук капчыктан акчаны чечип алганга аракет жасашат. Акыркы жылдарда кандайдыр бир финансылык жардам бекер берилип жатат деп же жогорку деңгээлдеги киреше долбоорлор деген сыяктуу жарнамаларды чыгарып жатышат. Ошол эле учурда кандайдыр бир белгилүү адамдардын сүрөттөрүн чыгарып жарнама кылууда. Анын баары финансылык алдамчылардын аракеттери десек болот. Мисалы ушул жылда дагы биз байкап калгандай, жасалма интеллекти колдонуу менен ошол эле видеолорун дагы жасап коюп, сүйлөгөн сөздөрүн, үндөрүн жасап, кандайдыр бир уюмдарга, инструменттерге салууну дагы чакырган жарнамалар бар».

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, кошумча вотсап жана телеграмм аккаунттарды бузуп, тааныш сыяктуу кайрылып жазып, кандайдыр бир финансылык жардамды сураган учурлар да бар.

Бул дагы жеке маалыматты алууга, банк картадагы же электрондук капчыктагы акчаны уурдоого жасалган аракеттер.

Банк тармагында алдамчылыктын кандай түрлөрү кездешет?

Банк тармагында алдамчылыктын төмөнкү түрлөрү көп кездешет:

— фишинг: жасалма сайттар же электрондук каттар аркылуу логин жана сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты алуу;

— вишинг (Voice Phishing) (телефон аркылуу алдамчылык): өзүн банк кызматкери деп тааныштырып, алдоо жолу менен кардарлардан купуя маалыматтарды алуу үчүн телефон чалуулар;

— скимминг: банк карталарынан маалыматтарды окуу үчүн банкоматтарга аппараттарды орнотуу;

— социалдык инженерия: кардарларды алдоо жана алардын маалыматтарын алуу үчүн психологиялык ыкмаларды колдонуу;

— төлөм карталары менен алдамчылык: уурдалган картадагы маалыматты колдонуу менен уруксатсыз транзакциялар.

Жалпысынан караганда алдамчылар сиздин жеке маалыматыңызды, акчаңызды алууга аракет жасайт. Андыктан ошондой маалыматтарга,  каттарга абдан кылдаттык менен көңүл буруу керек.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев эгер күмөн санаган учур болсо, алдамчы эмес экенин кантип аныктаса болорун төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Күмөн санаган учурда кандайдыр бир расмий документтерди сурашыңыз керек. Ошол эле лицензия, сертификат, юридикалык жактын каттоосу, жеке ишкердин күбөлүгү жана башка расмий маалыматтарды талап кылыш керек. Ал документтерди алгандан кийин, мисалы улуттук банктын сайтына кирип, лицензиясы барбы же жок, Юстиция министирлиги же болбосо финансы рыногун көзөмөлдөө органдарынын сайттарына кирип ошондой компаниянын бар же жогун текшерсе болот».

Интернетте ууруларга алданбаш үчүн эмнелерди эске алуу керек?

Интернеттен ууруларга алданбаш үчүн дайыма булак ишеничтүүбү, жокпу тастыкташ керек. Ошол эле сайттар балким кээ бир тамгасын алмаштырып коюп, расмий сайттан айырмаланып, башка сайтка буруп кетиши мүмкүн. Ошол жерлерин дагы байкап караш керек. Сизге чоочун  адамдан кандайдыр бир маалыматтар же каттар келсе, дароо эле алдамчы деп карап, тастыктаганга аракет кылуу зарыл. Балким кандайдыр бир конкурс, викторина же акцияга катышпасаңыз деле бирөө жазып, “сиз мынча акча уттуңуз, аны алуу үчүн мынча акча төлөшүңүз керек же жеткирип берүүгө” жана башка ушул сыяктуушылтоолорду айтып жатса, ал маалыматка абдан этият болушуңуз керек.

Буга кошумча ошол эле интернеттен сизге жазып, жеке карточканын, банк картасынын маалыматын алганга аракет жасаса, дароо эле эч кандай маалыматты бербешиңиз керек. Банк картасынын номерин, мөөнөтүн артындагы коопсуздук кодун эч кимге эч качан айтпоо зарыл.

Акча сактаган карточканын кайсы коддорун айтпаш керек?

«Сизге кандайдыр бир смс билдирүү келип, ошол эле электрондук капчыктын, балким сиздин номериңизди билип алып, капчыктын паролун жаңылоо максатында кандайдыр бир смс аркылуу код келиш керек. Ошол код аркылуу сиз паролду өзгөртө аласыз. Шылуундар ал кодду сизге  келгенден кийин, чалып кодду сурашы мүмкүн. Ал кодду эч качан айтпашыңыз керек. Анткени алар кодду билип алса, капчыкка, сиздин балансыңызга, эсепке жол ачылат. Ал деген сиздин акчаңызды алып коет дегенди билдирет».

Интернет аркылуу акча уурдоонун дагы кандай түрлөрү бар?

Улуттук банктын маалыматына караганда, интернет аркылуу уурдоонун дагы бир түрү бар. Вирустук мобилдик тиркеме же программаларды жүктөөгө  үгүттөгөн жарыялар же балким жеке баракчаларга келип калышы мүмкүн. Ал ссылкалар боюнча эч качан өтпөңүз. Ошондой эле мобилдик тиркемелерди жүктөбөңүздөр. Анткени ошол вирустук программалар аркылуу мобилдик банкингди же электрондук капчыкты колдонууда пин-коддорду терүүдө алар ошол маалыматты шылуундарга берүү коркунучу бар. Ошондуктан маалыматтарга көңүл буруп, текшерилбеген тиркемелерди, программаларды орнотпоңуздар.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев интернет ууруларынан кантип сактануунун жолдорун айтып берди.

«Шылуундарга алданбаш үчүн кардарлар негизги эрежелерди билиши зарыл. эч качан купуя маалыматты, пин-код, сыр сөздү, смс билдирүүлөрдү телефон же электрондук почта аркылуу эч качан ачыкка чыгарбаш керек. Банктык же финансылык кредит мекеменин расмий каналдары аркылуу түздөн-түз байланышып, текшерүү керек. Аккаунттарды коргоо үчүн эки факторлуу аутинтификацияны колдонуу зарыл. Коомдук жайларда банк карталарын колдонууга этият болуу, ошол эле банкоматтарды колдонууда клавиатуранын үстүндө эч кандайдыр бир башка предметтер жок экенин, ал клавиатура жылбай турган болушун текшерүү керек. Банктык билдирүүлөргө көз салып туруу маанилүү».

Банк кызматкерлери кардарга төмөнкү учурларда чалышы мүмкүн:

— Кардар карта алуу үчүн арыз калтырганда. Эгерде банктын арыз боюнча суроолору болсо, банк кардар менен байланышат;

— Кардар транзакцияны өзү жүргүзгөнбү деген маалыматты тактоо үчүн;

— Кредит боюнча карызды өндүрүү боюнча чалышы мүмкүн;

— Кредитти сатуу боюнча жана маркетингдик сурамжылоо жүргүзүү үчүн чалышы мүмкүн;

— Эгерде кардар аралыктан видео-идентификациялоо жүргүзүүгө билдирме калтырса;

— Кардардын Банкка мурда калтырган кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү үчүн.

Ошол эле учурда, банк кызматкерлери эч качан ПИН-код же сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты сурабайт.

Ал эми Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы:

бардык жарандарды жана республиканын меймандарын алдамчылардын айла-амалдарына кабылбоо үчүн банктык карталардын жардамы менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болууга;

белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерине кирбөөгө;

эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана паролун бербөөгө;

жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан алыс болууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM