Connect with us

Орусия: Сергей Шойгу коргоо министри кызматынан алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Май 2024 | 555 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 12-майда өлкөнүн коопсуздук тармагында кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Сергей Шойгу Коргоо министри  кызматынан алынды. Анын ордуна ведомствону мурдагы биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусов жетектейт.

Сергей Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына сунушталды. Путин Федерация кеңешине күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызматына талапкерлер боюнча өз сунуштарын жөнөттү.

Сергей Шойгу Коргоо министрлигин 2012-жылдан бери жетектеп келген.

Андрей Белоусов экономист, анын армияга, коргонууга же кандайдыр бир аскердик стратегияга тиешеси жок экени айтылат. Ал  мамлекеттик кызматта чарбалык маселелер менен алектенген.

Орусиянын өкмөтү 7-майда Путиндин инаугурациясынан кийин отставкага кеткен. Бул күнү орус лидери өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол коюп, министрлер кабинети өз милдеттерин аткарууну уланта турганын тактаган.

Путин өлкөнүн премьер-министрин өзгөрткөн жок. Өкмөттү кайрадан Михаил Мишустин жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM