Connect with us

Казакстанда суу ташкындан кийин 41 миңден ашуун адам үйлөрүнө кайтышты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Май 2024 | 591 | 0

Казакстанда 1-майга карата суу ташкынынан кийин 41 миңден ашуун адам үйлөрүнө кайтты. 6 миң 405 адам эвакуациялоо борборлорунда калды. Бул тууралуу Борбор Азия медиасы жазды.

Түндүк-Казакстан, Атырау жана Актөбө облустарындагы 7184 турак-жайдан жана 2844 короо-сарайдан өзгөчө кырдаалдар министирлигинин атайын техникаларынын жардамы менен суу сордурулуп чыгарылганын Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аскар Шарип кабарлады.

Азыркы тапта Жайык дарыясында суунун деңгээлине мониторинг жүргүзүү уланууда. 30-апрелде Атырау, Индер, Махамбет, Исатай, Курмангазы райондорунда 37 миң кум толтурулган каптар жана 685 тонна инерттүү материалдар сууну тосуу үчүн коюлган. Күлсары шаарында көчмө насостук станциялар жана мотопомпалар аркылуу 216 миң куб метрден ашык суу сордурулуп, аймак суудан тазаланганын ошентсе да Атырау облусунда жалпысынан абал курч экенин маалымата жазылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM