Connect with us

Грузияда митингде демонстранттар менен полиция кагылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 584 | 0

Грузиянын борбору Тбилисиде парламент имаратынын алдында өтүп жаткан «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы миңдеген адамдар нааразычылык акцияга чыгышты.

Кезектеги масштабдуу митингдин катышуучулары парламент «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамды Орусиядан көчүргөнүн айтып аталган мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш тартууну талап кылышты. Митингдин жүрүшүндө демонстранттар менен полиция кагылышкан.

Франс Пресс агенттигинин эсеби боюнча, акцияга 20 миңдей адам катышкан. Шаардын борбордук көчөлөрүндө унаалардын кыймылы токтотулду. Кырдаал бир нече демонстранттар полициянын курчоосун бузуп, сахнага чыгууга аракет кылгандан кийин курчуп кеткен. Митингчилер парламенттин айланасындагы жерге «Орусиянын мыйзамына жол жок!» жана «Европага ооба!» деген жазууларды калтырышкан

17-апрелде Грузия парламенти “Чет элдик өкүл” мыйзамын биринчи окууда кабыл алган. Аны кабыл алуу жана талкуулоо да миңдеген нааразычылык акциялар менен коштолгон.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили демонстранттарды колдоп, бул мыйзамга вето коюуну убада кылган.

Бул мыйзам долбоору бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы тарабынан экинчи жолу сунушталып жатат. Март айында бул саясий күч ири нааразылык акциялардан кийин аны артка кайтарууга аргасыз болгон.

Жаңы мыйзам долбоору мурункусун дээрлик толугу менен кайталайт, бирок “чет элдик таасирдин агенти” деген сөз “чет элдик державанын кызыкчылыгын көздөгөн уюм” деген аталышка алмаштырылган.

Мыйзам долбоору каржысынын 20%дан ашыгын чет өлкөдөн алган бейөкмөт уюмдарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чет элдик мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон уюм катары каттоого милдеттендирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM