Connect with us

Быйыл жазгы талаа иштери 10-15 күнгө кеч башталды

Коом , Экономика | 12 Апр 2024 | 1671 | 0

Быйыл Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары жылдагыдан 10-15 күнгө кеч башталды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 614 миң гектар жерди айдоо пландалса, бүгүнкү күндө анын 35 пайызы айдалды. Түштүк аймактарда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү 95 пайыз аткарылды. Ал эми Талас, Чүй облустарында себүү иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл жана Нарын облусунда эми башталды. Тоолуу райондордордо айдоо иштери баштала элек. Быйылкы жазгы талаа иштери кандай жүрүп жатат? Аймактарда мөмө-жемиштердин кайсы түрүн өстүрүү кирешелүү? Дыйкандар жеңилдетилген насыяны кантип ала алышат? 

Жер айдоо иштери Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусунун 5 миң гектар аянты, Жалал-Абадда 13 миң 100 гектар, Ош облусунда 15 миң 500 гектар, Чүй облусунда 24 миң 700 гектар жана Талас облусунда 800 гектар аянт азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды.

Министрликке караштуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Мухтар Чыналиев бүгүнкү күндө дыйкан жана фермерлер 128,6 миң гектар жер айдоо иштерин жүргүзгөнүн билдирди.

Ошондой эле ал өлкөдө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери да жүрүп жатканын белгиледи.

«Жазгы талаа жумуштары жылдагыдан 10-15 күн кеч башталды. Бирок ошого карабай кызуу жүрүп жатат. Түштүк аймактарда кылкандуу дан эгиндери аяктап жатат. 90-95 пайызга чейин себилди. Ал эми Талас, Чүй облустарында кызуу жүрүп жатат. Ысык-Көлдө башталды. Нарындан Жумгал районунда да башталды. Тоолуу аймактарда, Суусамыр өрөөндөрдүндө айдоо иштери баштала элек. Буудай себүү иштери 27,4 миң гектарды түзүп, планга карата 26,4% аткарылды. Ошол эле учурда буудай себүү Ош облусунда – 48,9 %, Жалал-Абад облусунда – 23,8 %, Баткен облусунда – 38,9%, Чүй облусунда – 47,4%, Талас облусунда – 0,8% жүргүзүлдү. Арпа себүү иштери 51,4 миң гектар жүргүзүлүп, планга карата 22,2 %, аткарылды. Арпаны себүү иштери Ош облусунда – 44,5%, Баткенде – 66,9%, Таласта – 2,4%, Чүй облусунда – 24,8%, Жалал-Абадда – 37,9 % бүткөрүлдү».

Жашылча себүү иштери Ош облусунун Араван районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, ошондой эле Чүй облусунда башталып, жалпы 1,8 миң гектар аянтка отургузулду.

Ал эми картошка отургузуу иштери өлкө боюнча 2,4 миң гектар аянтка жүргүзүлдү.

Мындан тышкары министрлик өлкөнүн кайсы аймактарында мөмө-жемиштерди өстүрсө пайдалуу болорун айтып, сунуштама берди.

Министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана бактарды экспертизалоо департаментинин багбанчылык боюнча башкы адиси Нурбек Малабаев ар бир аймакта жаратылыш шарттары ар түрдүү экенин белгилеп, ошого жараша мөмө-жемиштердин кайсы түрүн өстүрүү кирешелүү болорун айтты.

«Кунарлуулугу төмөн жайыттарды көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланууга берүү мыйзамынын негизинде 614 миң гектар жер аянтын дыйкандар көп жылдык ижарага алып мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Министрлик ар бир райондун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алып, питомниктер менен биргеликте мөмө жемиштердин түрлөрүн жана сортторун облустарга адистештирүүнү иштеп чыкты. Алсак, Баткен районунун климаттык кыртыштык шарттары баардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн анын ичинде өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун, Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен районунда өрүк, Лейлек районунда өрүк өстүрүү сунушталат. Жалал-Абад облусу нун тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү бак дарак өсүмдүктөрүн, Сузак районунда жүзүм, Аксы районунда кайналынын, Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянтын көбөйтүү сунушталат».

Мындан тышкары дыйкандардын ишин илгерилетүү жаатында «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору да иштеп жатат.

Министрликтин Финансы жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Улан Намазбеков быйыл долбоордун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүгө 5 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Каражаттын 80 пайызы мал чарбасына, калган 20 пайызы өсүмдүк өстүрүү багытында насыяга берилет.

«Жыл башынан бери өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 26390,0 миң сомго 81 насыя берилди. «Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 286568,0 миң сомго 660 насыя берилди. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан бери айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүп келет, негизинен бул долбоор 2024-жылы аяктамак, бирок карапайым дыйкандардын жана фермерлердин өтүнүчтөрүн аткаруу максатында Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 22–т тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 12» долбоорун жылдык 12 пайыздык чен менен кабыл алынып, бүгүнкү күндө 10 пайыздык ченге төмөндөтүлүп, 5 млрд сомго каржылоо боюнча тескемеге өзгөртүүлөр киргизилди. Учурда насыялар «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу берилип жатат».

Былтыр Кыргызстанда суу тартыштыгынан улам кургакчылык болуп, жазгы талаа иштеринин темпи төмөндөгөн.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча өткөн жылдын 23-майына карата 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда, 6 миң гектарга аз болгон.

Май өсүмдүктөрүнүн аянты – 14%, дан буурчактарынын аянты – 11%, пахта өсүмдүктөрүнүн — 10%, көп жылдык чөптөр — 3%, жаздык буудайдын жана жаздык арпанын – 1% кыскарган.

Муну менен катар кант кызылчасынын айдоо аянты 4 миң гектардан ашык, дандык жүгөрү — 4 миң гектарга жана картошка — 0,5 миң гектарга көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM