Connect with us

Билим берүү министри 12 жылдык окутуу боюнча үн катты

Кыска кабар | 17 Мар 2024 | 382 | 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 12 жылдык окуу боюнча суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келген.

«Бирок эки жолу Жогорку Кеңеште бул демилге колдоо тапкан эмес. Бул жолу КР президентинин тапшырма талабы менен мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине өтүп жатабыз. Учурда социалдык баракчаларда жазылган кыргызстандыктардын ар андай суроолоруна, терс пикирлерине, кооптонууларына жана ар кандай божомолдоруна жооп берүүнү чечтим», — деп жазган министр.

Мындан тышкары министр окуучулар мурдагыдай эле мектепти 16-17 жашында бүтөрүн, болгону 0 класс жоюлуп, 1-класс деп аталарын түшүндүрдү. Окуучунун жашы жогорулабайт, тескерисинче төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM