Биз менен байланышыңыз

Парламент «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 131 | 0

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоорун 64 депутат колдоп, бешөө каршы болду. Алар — Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Айдарбеков, Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Эрулан Көкүлов.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  Мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алып салынган.

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова демилгелеген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери катары 32 депутат көрсөтүлгөн. Кийин демилгечи топтон бир катар депутат чыгып кеткен.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Былтыр 120 бейөкмөт уюмдун өкүлү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышкан.

Copyright © 2017 Maral FM