Connect with us

Суукка байланыштуу Бишкектеги мектептерде окуу убактысы кыскартылат

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 387 | 0

Суук аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мектептерде окуу кыскартылган графикте жүргүзүлөт.

Бул тууралуу мэриянын 16-февралдагы жыйынында маалым болду.

Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы коюлду.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлигие караштуу Гидрометеорология кызматы 17-февралдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM