Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев ооруканада дарыгерге кол салган окуяга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин айтты.
Акаев дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүүнү, артыкчылыктуу мамиле кылууну сунуштады.
«Кээ бир агрессивдүү жарандардын, бейтаптардын дарыгерлерге кол салуусу мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну жана чечим кабыл алууну талап кылат. Өмүрүн бейтаптарга арнаган дарыгерлерге мындай мамиле кылуу кейиштүү. Казакстанда дарыгерлерге кол көтөргөндөр 7 жылга чейин эркинен ажыратылат экен. Биз да ошондой кадамга барып, коомдо дарыгерледин кадыр баркын көтөрүүбүз керек. Дарыгер 15 миң сомго жетпеген маянасына үй-бүлөсүн багуусу мүмкүнбү, аларга социалдык кепилдиктер да каралган эмес. Акыркы учурда жаш дарыгерлер жумушун таштап, Орусияга иш издеп кетип калышты», — деди Жанар Акаев.
Бир күн мурун социалдык тармактарда ооруканада дарыгерлерди сабаган кишинин видеосу тарады. ИИМдин маалыматына караганда, окуя Ош облустук психиатрия жана наркология борборунда болгон.