Connect with us

Түркмөнстан жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 295 | 0

Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна (57 вагон-цистерна) суюлтулган газ Шопоков темир жол станциясына келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жардам Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу жөнөтүлгөн.

Жүктү Кыргызстандан Энергетика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, «Кыргыз транснефтегаз», «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканаларынын өкүлдөрү, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев тосуп алышты.

Айта кетсек, гуманитардык жардам Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун сүйлөшүүлөрүнүн аркасында, Түркмөнстан мамлекет башчысы Сердар Бердымухаммедовдун тапшырмасы аркылуу жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM