Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинде байгелүү орундарды багындырууда.
Аталган мелдеште Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медалга ээ болду. Буга чейин аталган мелдеште кыргызстандык боксчулар Мунарбек Сейитбек уулу алтын, Сагын Сатыбалды уулу коло медаль уткан. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирет.
Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, бүгүн 4-февралда жыйынтыкталат.