Connect with us

ЖЭБдеги авария. Ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 287 | 0

Бишкек шаарындагы ооруканалар штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулуктун температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу пландалган операциялар токтотулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Министр орун басары маалымдагандай, ооруканаларда кабыл алуу, текшерүү иштери улана берет. Төрөтканалар да өз ишин улантат, палаталарда температура төмөн болсо, кошумча жылытуучу каражаттар колдонулат.

Бишкекти жылуулук менен камсыздоо системасы 2-3 күндө калыбына келтирилери, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы түтүктөр тоңуп калбашы үчүн рециркуляциялык режимде иштеп жатканы айтылды.

Бул үчүн Бишкектин айрым аймактарында жылуулук берүү чектелди. Кырсыктын себептери кыска мөөнөттө аныкталып, жылуулук системасын кайра калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат.

Авария борбордун эски бөлүгүндө, 14-отканада болгону алдын ала айтылды. Учурда комиссия иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM