Connect with us

100дөй кыргызстандыкты кыйнап иштетүүгө шектелген Орусиянын компаниясына иш козголду

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 223 | 0

Орусияда 100дөн ашуун эмгек мигрантынын иш берүүчү тартып алган паспорттору ээлерине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, министрликтин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна Орусияда алданып калып, жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарынан кайрылуу түшкөн.

Арыздын негизинде министрлик Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугуна билдирүү жөнөткөн. Алар жерине барып, иштин чоо-жайын такташкан.

Такталган маалыматка караганда, «Модуль» компаниясы шарты, айлыгы жакшы иш сунуштап, көптөгөн убадаларды берип,  Кыргызстандын 100дөн ашуун жаранын Орусияга алып кеткен. Кыргызстандыктар Орусияга баргандан кийин ишкана жетекчилери паспортторун жана башка документтерин тартып алышып, аларды кооптуу, оор шарттарда, социалдык кепилдик бербей, эмгек акы төлөбөй иштөөгө мажбурлашкан.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору буга байланыштуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигине кабарлама жиберген. ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматы топтолгон фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 1-бөлүгү (мыйзамсыз миграция уюштуруу) менен иш козгогон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды сергек болууга, ортомчу фирмалардын жана иш берүүчүлөрдүн ишенимдүүлүгүн, мыйзамдуу иш алып барарын текшерүүгө чакырат. Ал жаатта маалыматты министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун migrant.kg расмий сайтындагы «Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер» бөлүмүнөн текшерип алууга болот.

Ушул сыяктуу жагдайларга туш болгон же чет жерде иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандары +996 559 189 900; +996 224 550 332; +996 227 550 332 номурларынан жардам, кеңеш ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM