Биз менен байланышыңыз

Окуучуну сүзүп кеткен милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 510 | 0

Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 27-январда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Балыкчы шаарында жашы жете элек кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кырсык болгон жерден качкан милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев издөө жарыялаган эле.

ИИМдин маалыматына караганда, 26-январда Балыкчы шаарында өспүрүм кызды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден автоунаанын айдоочусу качып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM